Улуу Ата Мекендин жеңиштин 80-жылдык маарекесине байланыштуу ,Бишкек шаарында Чолонбай Түлөбердиевдин 103-жылдыгына арналган эскерүү аземи өткөрүлдү
Иш-чара согуш учурунда эркиндик жана тынчтык үчүн өмүрүн берген баатырдын эрдигин түбөлүккө сактап калуу максатында уюштурулду. Катышуучулар Чолпонбай Түлөбердиевдин элесин бир мүнөт унчукпай эскерип, эстеликке гүл коюшту. №75 мектептин окуучулары гүл коюу аземине катышышты.
Иш-чарага Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Райым Жолдошов, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, Ч.Түлөбердиев атындагы коомдук фонддун төрагасы Нарк уулу Турар Бортоев, Кыргыз-Орус коомдук фондунун төрагасы Байдөөлөтов, согуш ардагерлери кеңешинин төрагасы, Куралдуу күчтөрдүн, Биринчи май районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев катышышты.
Комментарии