Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Биринчи май районуна караштуу №75 мектеп өтүлгөн иш-чаранын отчету
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата 15-октябрда “Бул жашоодон өтүп кетсек, эл эмгектен эскерсин” аталышындагы семинар- конференция өткөрүлдү. Иш-чарага тарых илимдеринин кандидатты Садырова Замира Тентиевна, мугалимдер жана 9-11-класстын окуучулары катышышты.
Модератор менен мектеп директору Эрмекова А.Д. доклад окуду.
1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусун, Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөөгө салым кошкон инсандар тууралуу баяндамалар, докладдар окуучулардын даярдоосунда угулду.
Катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы оңой болбогонун, маданий баалуулуктарын, эне тилин жана даңктуу тарыхын сактап калуу менен эл көп кыйынчылыктарды башынан кечиргенин баса белгилешти.
Жыл башынан мектептин китепканачысы Колесникова Н.В. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата экспанаттарды, тарыхый документтерди, сейрек кездешкен сүрөттөрдү даярдап көргөзмө уюштурган.
5-11-класстар арасында (250 окуучу) класстык сааттар өткөрүлдү.
8-9-класстар арасында “Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө негиз салуучулар” темасында тегерек стол 90 окуучунун катышуусунда болуп өттү.
4- октябрь 1924 -жылы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн.Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу комитети Кара Кыргыз автономиялык облусунун уюшулушу туурасында токтом кабыл алган. Автономиялык облустун РСФСР курамында чектелген административдик бийлик менен уюшулганына карабастан, кыргыз калкы биринчи жолу мамлекет түптөөгө жолдомо алган. Кыргыз автономиялык облусунун өзүнө таандык аймагы белгиленип, түпкүлүктүү калк жашаган аймакта саясий жана маданий өнүгүүгө шарт түзүлгөн. Кыргыз калкы үчүн автономиялык биримдиктин уюшулушунун мааниси зор. Автономиялык облус алкагында кыргыз калкы укуктук жана саясий жактан өз алдынча мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Өз маалында Абдыкерим Сыдыков, Юсуп Абдрахманов сыяктуу саясатчылардын 1924-жылкы жасаган аракетинин акыбети 1991-жылы кайтып, кыргыз калкы өз алдынча эгемен Кыргыз Республикасын уюштургандыгын окуучуларга терең жеткирүү максатында өтүлдү.
Шаардык орус тили жана адабияты август конференциясы биздин мектепте “Билим берүүнүн 100 жылдыгы: ийгилиги жана келкчеги!” деген темада ийгиликтүү өткөрүлдү. Конференциянын алкагында “Кара Кыргыз автономиялык облусуна 100 жыл” аталышында докладдар окулду.
Мектеп ичиндеги ириминин атынан , Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата окуучулардын эмгеги
Комментарии