“Алыкулга 110 жыл” салтанаттуу иш-чаранын отчету
Кыргыз элинин залкар акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдык адабий кеченин ачылыш аземинде мектеп директору А.Д.Эрмекованын куттуктоо сөзү
7-11-класстардын таланттуу окуучулары акындын чыгармачылык
басып өткөн жолун, ырларын көркөм окушуп өз өнөрлөрүн тартуулашты.
ГРУНЬЯ САВЕЛЬЕВНАГА
Далай таттуу даам жедим колуңдан,
Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
«Начар экен бат оңолсун бала» деп,
Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.
Ырлар жаздым, кээде сызып, кээде оңдоп,
Бала өстүргөн жаш атадай көңүлүм ток.
«Азгын экен, кантер экен бала» деп,
Сен үшкүрдүң күн кыскасын болжолдоп.
Март да кетти, апрель, май жакындап,
Көктө турна, көлдө каздар каркылдап.
Күнүң бүттү, кайтар мезгил болду деп,
Кош ат келди үй жанына жакындап.
Мени акырын, «аман бол» — деп узаттың,
Көзүн карап өзүм минген боз аттын.
Колумду алып ылдый карай бергенде,
Мөлт, мөлт акты тоголонуп көз жашың.
Алыс кеттим, бармын, өлүү эмесмин,
Мен барбасмын, сен да мага келбессиң…
Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,
Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин.
“Сулууга”
Кош жан эркем, кош дейсин деп таарынба,
Мени кутпо, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак суйуу жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында,
Сен жаш элен мен суйо эле чагында,
Ак суйуудон конун калуу коп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Сен бир кептер боз шумкарынтуноткон,
Унутулган учар замат туноткон.
Суйуу денен-суйуу эмес бетинден,
Суйуу деген-сузуп отуу денизден.
Сен бир жузум бышып турган мына бу,
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу,
Суйуу деген ырдоо эмес бал ууртап,
Суйуу деген суйуу уусуна уулануу.
Таттуусунар,ачуусунар сулуулар.
Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат.
Акын, акын, Акын баркын,
Өлүм билбей кол сунат.
Оорулуу акын,
Сөздөрү алтын,
Алсыз, жалгыз олтурат.
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.
Алыкул Осмонов акыныбыздын чыгармачылыгынан эргүү алып, окуучуларыбыздын жан дүйнөсүнө сиңирүү максатында үй-музейине саякаттап келдик
Алыкул Осмонов улуу ою тунук, . .
Жүрөктө калат ар бир сөзүн уюп.
Өзүңдү өлбөс кылып кетиптирсин,
Канаттуу ырларыңдан бир үй куруп.
Окуучуларыбызга ташкындаган талан ээси Алыкул атабыздын чыгармачылыгы чалкып жаткан көл экендигин тааныштырдык
Комментарии