9-СЕНТЯБРЬ КОМУЗ КҮНҮ КОМУЗ – УЛУТТУК МАДАНИЯТЫБЫЗДЫН СЫЙМЫГЫ, ЭЛДИК ӨНӨРҮБҮЗДҮН ӨЗГӨЧӨ СИМВОЛУ!
Комуз тээ байыртадан ар бир кыргыздын боз үйүнүн төрүндө болуп, үйгө келген конокту тосуу же майрамдык иш-чаралар дал ушул үч кылдуу аспабыбыздын коштоосу жок көркүнө чыккан эмес.
Комуздун кылымдар бою сакталып, анын биздин муунга жетип келишине залкар комузчуларыбыз: Токтогул Сатылганов, Муратаалы Күрөңкеев, Ыбрай Туманов, Ниязалы, Айдараалы Жөргөлөк, Атай Огомбаев сыяктуу аталарыбыз, кайталангыс өнөр ээлеринин салымы зор.
Технология өнүккөн заманда, улуттук маданиятты сактап калуу ар бирибиз үчүн ыйык милдет болуусу абзел!
Эч качан комузубуздун дабышы өчпөсүн!
Майрамыңыздар менен!
Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күнгө келип жетти. кылымдарды карыткан комуздун улуулугун сыйлап, Кыргызстанда 9-сентябрь “Комуз күнү” катары белгиленет. Комуз күнү «коомду консолидациялоо жана элдин биримдигин бекемдөө», андан тышкары, «этностук коомчулуктардын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү» үчүн киргизилген.
Комуз күнүнө арналган иш-чаранын алкагында кыргыз тили сабагы боюнча мугалимдер тарабынан кызыктуу жана мазмундуу ачык сабак өткөрүлдү.
Абдыбалиева Махабат иш үстүндө
Кабатаева Гулзаттын комуз күнүнө арналган иш-чарасынан
Жасалышы
Комуз өрүк, жаңгак, арча дагы бир катар жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталат.
Түзүлүшү
Комуз баш, моюн, тулку, чара, капкак, тепке, үч кулак, үч кылдан турат. Аспаптын жалпы узундугу болжол менен 90 сантиметрдей, туурасынын эң жазы жери 19,5 — 22,5 сантиметрге жетет.
Тарыхы
Комуз — кыргыз аспаптарынын эң байыркысы деп саналат, буга күбө катары «Китаби Деде Коркут» (VIII—VIV кылым) эмгегинде аспап «кобуз» деп эскерилген.
Комментарии