23-сентябрь- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган “ Тилим менин жан дүйнөм” аттуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүнөн
Асманда балбыл жанган кыргыз тилим,
Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.
Арыбай кылымдарды багынта бер,
Ардагым ата-мурас- кыргыз тилим.
Майрамыңыздар менен куттуктайбыз!!!
Жаша тилим, өмүр тилейм өзүңө,
Өзүң кубат, өзүң дүрмөт тилиме.
Өз элимден, өз тилимден сүйкүмдүү,
Касиетти көрө албаймын дүйнөдө.
Конокторду салтты сактап тосуп алуу
Жан дүйнөмдүн азыгы кыргыз тилим
Мектеп директору Айнура Дүйшөновна куттуктоо сөз
Айткын кыргыз, күпүлдөтө Манас айт,
Айланаңды, ааламыңды тазалайт.
Комузум кыргызымдын табериги,
Колдору колдон түшпөс жаны, деми.
Кыргыз тили- нускалуу тил, кутман тил,
Кыргыз тили- көркөм дүйнө дастан тил.
Эзелтен келген нарк экен,
Акыйнек айтуу салт экен.
Сыйлык тапшыруу аземинде
Кыргыз болуп калганыма мактанам
Комментарии