“АК КАЛПАК” күнүнө арналган кош майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
“Желеги туудан бөлүнбөй,
жердин жүзү көрүнбөй.
Жер союлуп былкылдап,
желеги алтын туу болду.
Бугун 3-март өлкөбүздө туу күнү белгиленүүдө. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдик,тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бакыбаттуулукту чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон .Мамлектибиздин символу болгон Туу күнү Ала-Тоонун символу болгон “АК КАЛПАК” күнүнө арналган кош майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чарада мектеп окуучулары эгемен өлкөнүн символу болгон туу менен улуттун баш кийими ак калпакты даңазалаган ырларды аткарышты. Мектепте ар дайым мекенди сүйүүгө анын баалуулуктарын сактоо жана өз өлкөсү тууралуу кеңири маалыматтарга бай ачык сааттар өткөрүлүп турат.
Мамлекетти сактоо ата-бабадан калган аманат. Ал эми түптүү элдин туусун, ак калпагын унутта калтырбай колдон түшүрбөй жүрү ар бир кыргыз жаранын парзы
Комментарии